Баткен шаарында милициянын жаш жардамчылары менен милиция кызматкерлери окуучуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, “В.И.Ленин” атындагы орто мектебинин милициянын жаш жардамчылары жана милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштеринде мектеп окуучулары арасындагы жол кырсыгы жана укук бузуу, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелерге токтолушту.
Ошондой эле, окуучулар арасындагы топтошуп мушташуулар, мектеп рэкетчилиги боюнча маселелер көтөрүлүп, суроо-жооптор болду.