Милиция коомдук жайлардагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында Баткен районунун Таян, Боз-Адыр жана Согмент айылдарында кылмыштуулуктун жана мал уурулуктун алдын алуу болтурбоо максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Мындан сырткары мергенчилердин курал сактоо эрежелерин текшерип, коомдук жайларда кылмыштуулукту болтурбоо багытында дүкөндөргө жана үйлөргө 87 эскертүү актылары берилип, укук бузган жарандар үчүн укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 12 протокол толтурулду.