Мындай тыянакты 21-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери чыгарды.
Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде температуралык режим сакталган эмес. Стационардын коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°С, уктоочу бөлмөлөрдө +11°Сден +13°Сге чейин. Мындан улам ал жердеги бейтаптар мекеменин ичинде сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болуп, уктоочу бөлмөлөрдөгү төшөнчүлөр санитардык абалга жооп бербейт.
Адатта санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык бөлмөнүн температурасы +18°Сден +24°Сге чейин болушу шарт.
Ошондой эле, тамак-аш боюнча да кемчиликтер аныкталып, анда кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынганы менен иш жүзүндө сегиз килограмм гана эт кошулуп бейтаптарга тамак даярдалып келген. Ал эми ашкананын бир кызматкеринин медициналык текшерүүдөн өттү деген маалымкаты жок болгон.
Аныкталган кемчиликтер боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү органдарга жиберилди.