Лейлектин үч айылы таза суу менен камсыздалды  

0
23

Лейлектин Андарак, Комунна жана Искра айылдары таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылдарда жалпысынан 24 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 1000 м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык курулмалар толук жасалды.

Мындан тышкары, кошумча суу түтүктөрүн, водовод жана каптажды жалпысынан 31 чакырым водоводдон казып жасоо жумуштары аткарылды. Ал эми кошумча суу системасы үчүн  400 м3 турган эки резервуар  жасалды.

Таза суу долбоорунун алкагында, 14 миңге жакын адам коопсуз таза суу менен камсыздалды. Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу жана АРИС менен бирге ишке ашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here