Кыргызтанда ата-энесин багуудан качкандарга жаза күчөтүлдү

0
176

Кыргызстанда ата-энесин багуудан баш тарткандар үчүн жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. 

Президент кол койгон мыйзам майыптыгы бар жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерине алимент төлөө боюнча соттун чечимдерин аткаруудан качкан эмгекке жарамдуу, бойго жеткен балдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Эми мыйзам боюнча бир жылга чейин алимент төлөбөгөн балдарга 20 миңден 50 миң сомго чейин айыппул салынып, 100 саатка чейин коомдук жумуштар же бир жылга чейин түзөтүү иштери каралган.  Ал эми 12 айдан ашык алимент төлөбөгөн балдар, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул, 1 жылдан 3 жылга чейин жаза өтөө иштери же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 17-октябрында кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза, Жарандык жана Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here