Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

0
240

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 02:20 чамасында Россиянын Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада катталган.

Кырсыкка кабылган Toyota Sienna унаасынын ичинде 8 кыргыз жараны болгон. Анын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы кыргызстандык ошол жерден каза болгон. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы «орточо оор» деп бааланууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө, ошондой эле жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here