Президент: Жакында социалдык стационардык мекемелер жаңыланат

0
41

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо пландалып жатканын кабарлады.

2030-жылга чейин кабыл алынган “Жеткиликтүү өлкө” программасынын алкагында белгиленген ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында чаралар ишке ашарын билдирди.

“Президент өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шарттарын жакшыртуу өлкөнүн эң башкы мүдөөлөрүнүн бири экенин белгиледи,” – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here