Баткенде 3 миллион сомдук дары-дармектердин контрабандасы кармалды

0
101

«Баткен» бажысы Ош-Баткен-Лейлек автожолунун «Развилка» участкасында убактылуу түзүлгөн мобилдик постунда кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү  унаа каражатынан Швейцарияда чыгарылган 6000 даана дары-дармек табылган. Товардын жалпы салмагы 1260 кг, баасы 3 млн сомду түзгөн. Жүктүн эч кандай бажы документтери болгон эмес.

Медициналык дары-дармектер иштин бардык жагдайлары такталганга чейин «Кайырма+Дума» ЖЧКна убактылуу өткөрүлүп берилди. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here