Баткенде арзандатылган көмүр ташуу иши жүрүүдө

0
57

7-ноябрынан тартып, Баткен облусунда элди арзан көмүр менен камсыздоо иштери башталды. «Кыргызкөмүр» ишканасынын түштүк филиалы жана жергиликтүү шахталар менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында, Сүлүктү көмүрү 6 сомдон сатылууда.  

13-ноябрга карата облус аймагындагы калктын 66%га жакыны көмүр менен камсыздалды. Бул көрсөткүч социалдык жактан аялуу 1045 үй-бүлөгө акысыз 528,2 тонна көмүр жеткирилгенин да камтыйт.  

Мындан тышкары, айыл өкмөттөрү жана көмүр шахталарынан түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ортомчусуз сатылган 2300 тонна көмүр аймактарга жеткирилип, базар баасынан кыйла арзан баада сатылды. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here