Бүгүн, 12-ноябрьда Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылынын Умай-Эне жерлигинде аким Болоткан Баяке уулу жергиликтүүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууга бир катар жергиликтүү жетекчилер катышып, тургундардын суроолоруна жооп беришти.
“Тургундар сугат суу, таза суу, жол, бала бакча жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, бир канча маселе жеринде чечилди. Ошондой эле аким, жашоочуларды ушул жылдын 17-ноябрнда өткөрүлүүчүжергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырды,” – деп жазылат маалыматта.