Баткен шаардык мэриясынан билдиришкендей, шаардагы автобазада жайгашкан азык-түлүк саткан “Дыйкан” базары Мурат Салихов көчөсүндөгү “Биримдик” базарына жылдырылды.
Шаардык бийлик аталган «Дыйкан» базарындагы соодагерлер милдеттүү түрдө “Биримдик” базарына көчүшү керектигин эскертти.
Эске салсак, “Биримдик” базары борбордук стадиондун күн чыгышында жайгашкан. Тагыраагы көп жылдык дарактардын көчөттөрү сатылган жер.