Баткенде кезектеги контрабандалык факт аныкталды

0
1707

Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

5-октябрда Кара-Бак айылынын 41 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны тинтүү учурунда желим баштыктарга таңгакталып алты брикет жана Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар табылып алынган.

Бул факты боюнча Кыргызстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here