Беш облустук ооруканага компьютердик томография берилди

0
688

Дүйнөлүк банктын колдоосу астында ишке ашкан долбоорлордун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги 5 компьютердик томография сатып алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Компьютердик томографиялар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустук бириккен ооруканаларына берилди-деп айтылат маалыматта.

«Бүгүнкү күндө диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери жеринде бүткөрүлүп,компьютердик томографияны орнотуу процесси жүрүп жатат. Жаңы медициналык жабдуулар ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдыктарга диагноз коюуга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, сатылып алынган жабдыктардын аркасында жергиликтүү дарыгерлер оорулардын динамикасын көзөмөлдөп, диагнозду аныктоо үчүн башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат», — деп кошумчалайт, министрлик.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here