Шавкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келет

0
216

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди.

«Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат».

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here