Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

0
1162

Кыргызстандын калкы жети миллионго жетти. Бүгүн 19- октябрда өлкөдө жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Статистика комитетинин буга чейин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын саны 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Белгилей кетсек,буга чейин өкмөт тарабынан жети миллионунчу жарандын төрөлүүсүнө байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, анын төрөлүү күнү 20-октябрга чейин болушу мүмкүн экени айтылган.

Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн.

Жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды түздү.

Жети миллионунчу жаран тууралуу толугураак маалымат кошумча берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here