Баткен районунун Кара-булак айылынын волейбол боюнча кыздар курамасы «Мен чемпионмун» Республикалык оюндарынын алкагында үчүнчү орунга ээ болушту.
Маалыматка ылайык, «Мен чемпионмун» мелдеши балдар-өспүрүмдөр, спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасындагы өтүп, финалдык беттештер 4-май күнү Нарын шаарындагы «Газпром балдарга» спорт комплексинин волейбол залында өттү.
Аталган иш-чара Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган. Оюндардын жалпы байге фонду 2,2
миллион сомду түзгөн.