Кадамжайда 47 кишиге Англияга жумушка виза ачып берүүнү убадалап алардын ар биринен 1400 доллардан акчасын алып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 41 жаштагы жаран кайрылып, чет жака ишке жөнөтүү убадасы менен алдап кеткен жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы чыгым 66 миң 800 долларды түзгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү 3-май күнү «Ак-Жол» өткөрмө посту аркылуу Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалган.
Учурда шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.