Ташиев, Азизов жана Ятимов  Ферганада жолукту

0
348

6-майда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук кызматынын төрагалары Өзбекстандын Фергана шаарында жолукту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрүн кеңири талкуулашты. Жолугушууда терроризмге, экстремизмге, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, контрабандага жана трансчегаралык мүнөздөгү башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү сыяктуу абалдарга карата өз ара аракеттенүүнүн  абалы боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле сүйлөшүүдө үч өлкө ортосундагы чек ара кызматташтыгы, коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери козголду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here