Баткенге Токтогул районунун элинен гуманитардык жардам келди

0
486

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси баш болгон делегация Токтогул элинин гуманитардык жардамдарын, Баткен районундагы жабыр тарткан жарандарга жеткиришип беришти.

Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда күндөлүк турмушта керектелүүчү буюмдар, идиштер, жууркандар жана башкалар бар.

Баткен районунун аким Учкунбек Жоробаев, жардам колун сунган ар бир жаранга Баткен районунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирет-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here