Орусия чек ара маселесин тынч жол менен чечүүгө жардам бермей болду

0
855

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылып, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болду деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары сайты, Иманкуловдун 17-октябрда «Биринчи радионун» эфириндеги маегине таянып жазды.

Иманкуловдун айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан.

«Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч качан тайбаганыбызды жана мындан ары да ошону карманарыбызды айтып, чек арадагы чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай тереңдеп кетти».

Иманкулов билдиргендей, Орусия колундагы архивдик документтерди карап бермей болду:
«Биз баарыбыз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Алар баарын изилдеп чыкмай болушту. Маселенин, талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты. Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга жардам бермей болушту»-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери жолугушуусу өтүп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here