Акылбек Жапаров менен ишкерлер ККМ боюнча сүйлөшүштү

0
339

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМге каршы митингдин катышуучулары тарабынан жөнөтүлгөн ишкерлерди кабыл алды.Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымат таратышты.

Жолугушууда ККМ киргизилиши биринчи кезекте көмүскө экономиканын жана контрабанданын көлөмүн кыскартууга багытталгандыгы дагы бир ирет белгиленди. Ошондой эле ККМди  ишке киргизүү бир нече баскычта өтөөрү айтылды.

Акылбек Жапаров, “ККМ системасы, товарлардын кыймылын жана аларды эсепке алуу системасына ээ болуу үчүн киргизилүүдө. Ошол эле учурда биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечимди издейбиз”, деди

Кеңешменин катышуучулары тарабынан ККМге байланышкан көйгөйлөр айтылды. Ишкерлер салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана жаңы салык мыйзамдарын билбегендигине көңүл бурушту, деп айтылат маалыматта.

«Биз салыкчыларды окутабыз, зарыл болсо салык кызматынын курамын жаңылайбыз, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керек. Шарттарды ишкерлердин бардык топтору үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылабыз»,- деп билдирди Жапаров.

Белгилей кетсек, делегат катары жөнөтүлгөн ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ 10 күн иштейт. Иштин жыйынтыгы боюнча соода түйүндөрүнүн ар биринин жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу шарттары иштелип чыгат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here