Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу: Кезектеги чечимдер

0
1176

2022-жылдын 15-июну саат 10.30гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат кызматы  маалымдады

Түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар, чыр-чатактар катталган жок.

Болуп өткөн окуялар боюнча кечээ 14-июнда эки тарап, жолугушууларды өткөргөн. Алгач Баткен районунун Төрт-Көчө жерлигинде чек ара өкүлдөрү жолукса, 20:40тан 21:20га чейинки аралыкта   Кыргызстандын “Кызыл-Бел-авто жол” жана Тажикстандын “Гулистон-авто жол” өткөрүү пункттарынын ортосунда  Баткен жана Тажикстандын  Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу тараптардын укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

— тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жана жооптуу аймактардагы заставалардын башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

— тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларына Булак-Башы жерлигинде жайгашкан чек ара посттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө тапшырмасы коюлду.

Бул жолугушууда мамлекеттик чек арага жакын жердеги айыл чарба иштери боюнча да маселе каралды. Бардык жагдайларды эске алуу менен тараптар мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жол бербөө чечимин кабыл алышты.

Белгилей кетсек, кечээ 14-июнда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр чатак орун алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here