Бишкек шаарында балдарды калыптандыруу борборунун курулушу башталды

0
389

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдарды калыптандыруу борборунун курулушуна  капсула салды.

96 орундуу борбор 2022-жылдын 1-декабрында пайдаланууга  берилээри айтылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров, өз сөзүндө, «буга чейин президент өз сөзүндө так айткан, ортодо айланып жүргөн мүлктөр сатылышы же улутташтырылышы керек деп. Элге пайдасы тийиши зарыл. Чекесинен башталды, баарын тартипке салабыз”, деди.

Акылбек Жапаров өлкөдө 200 миңдин айланасында майыптыгы бар жаран болсо, анын 34 миң 184ү балдар, 10 миңи дайыма бирөөнүн карамагына муктаждар экенин белгилеп кетти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here