Апкан айылында селден коргоо тосмосу курулууда

0
403

КР Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин атайын алдын алуу жана селдин кесепетин жоюу иш чарасынын негизинде, Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында коргоо тосмону бекемдөө иштери колго алынды.

Натыйжада, Апкан айылында 35 турак үй, мектеп, мечит, ФАП жана жергиликтүү элдин үлүш жер аянты сел коркунучунан коргоого алынат.

Ал үчүн министрлик тарабынан 44 тонна цемент, 2 тоннадан ашуун арматура бөлүнүп берилген.

Коргоо тосмонун  алдын бетон менен коргоо жумуштары айыл өкмөтү тарабынан жасалып, жергиликтүү элдин күчү менен ишке ашууда.Бул тууралуу аталган мекеден билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here