Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын футбол боюнча “Ак шумкарлар” улуттук курама командасы Тажикстандын командасы менен ойнойт.
Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтүүдө.
Бүгункү мелдеш Бишкек шаарындагы “Дөлөн Өмүрзаков” атындагы стадионунда саат 21:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.
Буга чейин Кыргызстандын командасы Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде уткан. Ал эми Тажикстан Мьянманы 4:0 эсебинде,Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде жеңген.
F тайпасындагы акыркы оюн бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстан жана Мьянма менен Сингапурдун ортосунда орун алат.
“Ак шумкарлар” Тажикстандын командасын жеңсе, F тайпасынан биринчи орун менен чыгат.