Кыргыз-тажик делегация башчылары протоколго кол коюшту

0
313

Кечээ 13-апрелде, саат 18:00дөн 18:30га чейин Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргыз делегациясын КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жетектеди. Ал эми тажик делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төраганын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали жетектеди.

Сүйлөшүүдөдө бир катар макулдашууларга жетишишти, алар,

— чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарды  туруктуу жайгаштыруу жайларына алып чыгууну улантуу.

-Жоопкерчиликтүү аймактар боюнча жумушчу топ түзүп,  чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо.

Жергиликтүү калкка  жерди жана сууну биргелешип пайдалануу тартиби жөнүндө мурда жетишилген макулдашууларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

-Чек арачылардын өзүн-өзү алып жүрүү талаптарын так аткарууну камсыз кылуу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here