Чек арада жетекчилердин жолугушуусу башталды

0
1003

Буга чейин маалым болгондой, 13-апрель түнү саат 03:00дөн 03:55ке чейинки убакытта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде  Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.

Бүгүн 13-апрель күнү саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды. Алар абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп билдирди облустук бийликтен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here