Милиция: Чек арада абал туруктуу

0
1087

Баткен облустук милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө деп билдирет, Баткен ОИИБнын  басма сөз кызматы.

Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБсы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.

Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here