Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

0
134

7-майда саат 12:20лар чамасында  Лейлек районунун  Ак-Босого конушуна жакын жерде тажик малчыларынын бири кыргыз чек арачыларына ок атты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар, Тажикстандын  жарандары мамлекеттик чек аранын 250-300 метрдей Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүргөнүн байкап,  алардан аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан кылышканда малчылар таш ыргытып, алардын бири аскер кызматкерлерин көздөй ок  аткан.

“Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.  Чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз.

Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болоору күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.” — деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here