Эвакуация: 600дөн ашуун тургун убактылуу пункттарга жайгаштырылган

0
766

Баткен облусунун Лейлек районунда 2022-жылдын 12-апрель күнү саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

13-апрель, саат 9:00гө  карата КРнын ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран  убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан област аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды деп айтылат маалыматта.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here