Чек арада жарадар болгон жарандардын абалы орто

0
896

2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон чыр-чатактын кесепетинен эки адам Лейлек районундагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна жарылуу сыныктарынан алган жаракат диагнозу менен түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда бир жабырлануучу ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.

Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here