Лейлектин Кулунду айылынын 41 жаштагы тургунун 2022-жылдан бери коркутуп, акча опузалап жүргөн топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.
Ага ылайык, кармалгандар, жабырлануучудан 15 миң АКШ долларын опузалашкан. Арыз ээси шектүүлөр талап кылган акчаны берүү үчүн күйөө баласынын Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын карызга алып кармалган жарандарга берген.
Бул факты боюнча жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Ал эми алардын кылмыштуу шериги Г.Мны издөө иштери жүрүп жатат.