Президент Садыр Жапаров чек араны чечүү ниетин билдирди

0
240

Президент Садыр Жапаров Кыргыз-тажик  чек арасында болгон акыркы чыр-чатак боюнча фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды. Ал өлкө демократиялык жолдон тайбайт, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталат деп жазды.

“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, — деген билдирүү калтырды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here