13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.
Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду деп билдирди тышкы иштер министрлигинен.
Министрлер мамлекеттик чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту. Ошондой эле кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.