Сүлүктү шаарында эки өспүрүм дайынсыз болууда

0
323

Сүлүктү шаарында эки жаш бала жоголгондугу боюнча алардын ата энелери милицияга кайрылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын Джураева көчөсүнүн 50жаштагы тургуну милицияга  арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында анын уулу 2007-жылы туулган Азимбаев Жоламан Курмамбаевич өзү жашаган Сүлүктү шаарындагы Джураева көчөсүнөн 2022-жылдын 16-январь күнү “досумду айтып келейин” деп саат 10.00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес эместигин билдирген.

Белгилери: бою 160-165см, чачы узун боз түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: ак түстөгү жемпир, кара булгаары куртка, кара түстөгү шым, ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.

Ошондой эле Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн 37жаштагы тургуну 2022-жылдын 16-январь күнү эрте менен саат 8.30дарда өзү жашаган үйүнөн жумушка кетип жатып, уулун ойготуп коеюн деп киргенде анын уулу 2007-жылы туулган Камалов Кылычбек Баатырбекович бөлмөсүндө жок экендигин билдирип Сүлүктү ШИИБне арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою 155-160см, чачы, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, кара түстө куртка, кара түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим.

Жогорудагы 2 факты Сүлүктү ШИИБне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү балдарды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.

Байланыш үчүн номерлер (03653) 5-06-51; 0220 79-35-03

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here