Тыйылбаган аткезчилик: Өзбекстанга жылкы өткөрөм деген жарандар кармалды

0
417

18-январь күнү Пульгон айылы менен чектешкен Өзбек Республикасынын Фергана районунун Кара-Жантак айылына жакын аймакта, чек арада  Хундай-Портер үлгүсүндөгү эки унаада 4(төрт) баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбек республикасына өткөрүп жаткан жарандар  кармалды.

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул окуя Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүнө өткөрүлүп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here