Унаа урдаган жаран кармалды

0
332

Кадамжай районунун Халмион айылынын 41жаштагы тургуну өзүнүн айдап жүргөн Деу-Тико үлгүсүндөгү автоунаасын Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарына токтотуп койгон жеринен уурдатып жибергендигин билдирип, милицияга  арыз менен кайрылган.
Кылмыштын изи сууй электе Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Халмион айыл аймагынын Ирелеш айылынын 41жаштагы К.Э.аттуу тургуну, автоунааны үйүнө токтотуп койгон жеринен аныкталып кармалды.
Азыркы күндө Деу-Тико үлгүсүндөгү автоунаа өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here