Мадумаров Төрт-Көчө боюнча сурак берүүдө

0
1575

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, парламент депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча жооп берди.
Президент, Мадумаров жөнүндө кенен токтолуп, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду «чыккынчылык» деп атады.
Белгилей кетсек бүгүн 17-январда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканы белгилүү болгон.
Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган.
Булак: Азаттык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here