Бишкек шаарындагы генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине жыл сайын жалпы 150 бала окууга кабыл алынат. 2021-2022-окуу жылында 150 баланын 57син Баткен облусунун чек арадагы айылдарынан барган жаш жигиттер түздү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш аракет, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен ишке ашты деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, облус башчысынын аракети менен Баткен облусунун аймагынан 20 бала Кыргызстандын жана Россиянын жогорку аскер окуу жайларына өткөрүлгөн.
Аталган аскердик окуу жайына өткөн балдар учурда эс алууга чыккандыгына байланыштуу Баткен шаарындагы мектептердин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү. Келечек ээлери менен болгон жолугушууда, аскер лицейинин курсанттары окуучуларды мекенчилдикке, патриоттуулука чакыруу менен алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.