А.Калпаев: «ГЭС ишке кирсе Баткен районун толук электр энергиясы менен камсыздоого болот»

0
360

Баткен районунун Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына ГЭС курулуп жатат.Биз бул багытта жеке ишкер Алмаз Калпаевден маалымат алдык.

Калпаевдин айтымында курулуштун жалпы сметалык баасы 1млн АКШ долларын түзөт. Учурда ГЭСтин биринчи каскадынын (гидроэлектростанция)  курулуш иштери 70% аяктаган.Аны апрель айына пайдаланууга берүү пландалууда. Алдыда дагы төрт каскад куруу максатталган, жалпы беш каскад курулуп ишке кирсе, Баткен районун толук электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Өндүрүлгөн электр энергиясын таратуу боюнча, тийиштүү мамлекеттик органдар менен келишимдин негизинде иш алып баруу макулдашылган.

Алмаз Калпаев, өзү туулуп өскөн Баткен аймагында ишкердик баштоону максат кылып, бирок акыркы кезде өлкөдөгү энергетикалык муктаждык жогорулап бараткандыгынан улам, алгач бул көйгөйдү жеңилдетүүгө салым кошууну чечкен.Ишкер  ГЭСти ишке киргизүү менен, ага жакын аймакта өнөр жай ишканаларын курууну да максат кылууда.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here