Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды

0
2932

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.  Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар.  Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода  абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиилктүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.   Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here