Баткенге  572, 931 тонна гуманитардык жардам келди

0
1351

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572, 931 тонна гуманитардык  жардам  келип  түштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын 515,081тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57,850тоннасы кампада сакталууда.   Гуманитардык  жардам  катары, негизинен азык-түлүк,  кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык  каражаттар келүүдө.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, “Кызыл Ай” коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар,  кайдыгер карабаган катардагы жарандар ж б түзүүдө.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 684 805, 92 сом каражат которулган.

Белгилей кетсек облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү  боюнча  КР  Өкмөтүнүн  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевдин  атайын  буйругу  чыккан. Бул боюнча облустук коммисия түзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here