Баткен облусуна жаңы жетекчи дайындалды

0
1210

Бүгүн 5-майда КРнын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды.
А.Алимбаевди КРнын Өкмөтүнүн Баткен облуснудагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындоо боюнча, тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.


Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматында эмгектенген.
Ал эми буга чейин Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап турган Омурбек Суваналиев башка кызматка которулду.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, Эрлан Сапарбаев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматына Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары кызматында иштеп турган Абдирашит Ташбалтаев дайындалды.

Ошондой эле Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Учкунбек Жоробаев дайындалса, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна Алмазбек Рахманкулов дайындалды.
Кадамжай районунун актминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров да өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, Кадамжай районунун акими кызматына Кутпидин Шакиров дайындалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here