Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал

0
2877

Бүгүн, 2021-жылдын 29-апрель күнү эрте менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Таджик республикасынын Майский айылы тараптан жолдон өкөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы таратты. Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.


Таджик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жергиликтүү элдин айтымында, азыр Баткен — Исфана жолу жабык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here