Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү ишкана курулууда

0
13964

Баткен районунун Карабак айылына Алышдан кооперативинин демилгеси менен өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор курулууда. Кооперативдин башчысы Турсунали Төлөмүшөвдун айтымында логистикалык борбордун курулуш иштери ушул жылдын аягына бүткөрүү пландалган.

Баткен өрүктүн мекени, аны кайра иштетип сапаттуу органилкалык жана кымбат баадагы продукцияларды өндүрүп аларманга түз жеткирсе, жергиликтүү дыйкандардын да кирешеси бир кыйлага көтөрүлөт. Логистикалык борбордун негизги максаты да ушунда. Бүтүп ишке бериле турган логистикалык борбор бир гана Карабак айылындагы өрүтөрдү эмес район аймагындагы өрүк менен алектенген багбандарга да жакшы болот.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин дээрлик 80%ы аяктап калган. Борборго жергиликтүү бийлик да колдоосун билдирген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here