Баткенде көрнөк-жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү

0
408

Баткен шаарында “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо багытында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда, Баткен шаарынын И. Панфилов  көчөсүнүн  №2 дарегинде жайгашкан “Раяна” дүкөнүнүн жана М.Нургазиев көчөсүндө жайгашкан «Телефондорду планшеттерди оңдоо жана тейлөө” борборунун тышкы жарнактары мамлекеттик тилде жазылбагандыгы аныкталган. Натыйжада дүкөн ээлерине эскертмелер берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here