Баткен облусунун бренд продукциялары тандалды

0
559

Облустук бийликтин маалыматына караганда, JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында жаңыдан чыгарылган баткендик ишкерлердин продукцияларын БРЕНД комиссия карады.

Комиссия өрүк майы, жүзүм ширеси, айгүл токочу, дан куурай ширеси, дан куурай токочу, кургатылган ит мурун, Ак-Турпак күрүчүнө сертификат беришти.

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде бир канча продукция чыгаруу пландаштырылган. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

Буга чейин да комиссия  кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочторго сертификат берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here