Баткен шаарында мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

0
1196

Баткен шаарында 3-март мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март ак калпак күнү белгиленди. Иш чарага мамлекеттик кызмат өкүлдөрү, окуучулар, студенттер катышты.

Салтанаттуу иш чарада жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Майрам улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен аякталды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик туу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекиген. Ал эми 5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here