9.3 C
Баткен
Октябрь 26, 2021

Чек арадагы жабыр тарткан Баткен облусунун 59 тургунун 10 күнгө эс алууга жөнөтүштү

Ыссык-көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан шарты оор айыл аймактарынын 59 тургунун моралдык жана психологиялык жактан колдоо максатында Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Ак Тулпар” эс алуу пансионатында 10 күндүк эс алуусун уюштуруп, каржылады.Учурда жабыр тарткан чек арадагы айылдардын 59 тургуну пансионатта ден соолугун чыңдап, көл жээгинде эс алууда.

Мындан сырткары КР Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткендеги шарты оор,чек арадагы айылдарынан 19 жарандын Жалал-Абад облусундагы “Жалал-Абад санаториясында” эс алуусун каржылады.
КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке демилгеси менен Ош шаарындагы К.Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.А.Туленова менен сүйлөшүү жүргүзүп,натыйжасында чек арадагы жабыр тарткан айылдардан 20 адам бүгүнкү күндө эс алуу менен бирге ден соолугун чыңдоодо.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана жалпы Баткен облусунун элинин атынан, эс алууну уюштуруп,Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочуларын моралдык жана психологиялык жактан колдоого алып, каржылаган Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Р.М.Мейманкуловго,активдүү жаштарына жана КР Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Т.Сыргабаевге жана Ош шаарындагы К.Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.А.Туленовага терээң ыраазычылык билдирет.

КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Окшош материалдар

Бишкек шаарындагы “Империя пиццы ” кафесинен 85 жаран тамактан ууланды

Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7.30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз...

Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну Темирбаев Жигитали табылды

Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну 25.12.1988 жылы туулган Темирбаев Жигитали Мухтаровичтин жансыз денеси 2021 - жылдын 21 - октябрь күнү түштөн кийин 15:00 чамасында...

40 даана брондолгон аскер техникалары алынды

Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу бюджеттик акчага 40 даана брондолгон аскер техникасын сатып алганын президенттин маалымат кызматы билдирди. "Бул башка бирөөгө кол салууга даярдык...

Жаңы материалдар

Алимбаев аскер курсанттары менен жолугушту

Бүгүн 20-октябрда,  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун акимдери Бишкек шаарындагы Советтер союзунун Баатыры, генерал-майору Дайыр...