11.1 C
Баткен
Пятница, 29 марта, 2024
Башкы бет Ачык сөз Баткен: Аткезчилер менен УКМК кызматкерлери кагылышты. Жабыркагандар бар

Баткен: Аткезчилер менен УКМК кызматкерлери кагылышты. Жабыркагандар бар

0
12916

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик (контрабанда) жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын аймактар аркылуу товарларды мыйзамсыз ташуу жолдоруна тиешелүү улантылып жатакан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын жарандарынын — чек ара конуштарынын тургундарынын массалык нааразычылыгын жаратууда.

Белгилей кетсек, тынымсыз өтүп жаткан аткезчиликке нааразы болгон тургундар мамлекеттик органдарга нааразычылыгын билдирип «аракетсиздикке» айыптап, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылышууда.

Бирок 2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага токтомунун негизиндеги тинтүү жүргүзүү учурунда, кампанын ээси Маширап Абдусаламов жетектеген 20га жакын адамдан турган жарандар контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн УКМК мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу куралды колдонуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.

Ошентип, кылмыштын процесстик документтерин алдын алуу максатында, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон.

Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Кагылышуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алган.

Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча ИИБ ыкчам-тергөө тобу биргеликте иштеп жатат.

Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

«УКМК органдары аткезчиликти токтотууга, экономикалык коопсуздукту жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо багытында, укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылуудагы, чек ара конуштарынын тургундарын мындай кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экендигин эске салышат», — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here